"Кепилдик фонддор жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлат

“Кыргызстандагы кепилдик фонддор жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлат. Бул долбоор чакан жана орто ишкердик үчүн каржылык-насыялык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жогорулатууга багытталган Кепилдик фонддор институтун түзүү максатында иштелип чыккан. Аталган ресурстар өндүрүштү кеңейтүүгө, негизги каражаттарды сатып алууга жана модернизациялоого, жаңы технологияларды киргизүүгө, инновациялык ишке жана жаңы ишканаларды ачууга багытталат. Айта кетсек, бул мыйзам долбоорун ЖКнын депутаттары Курманбек Дыйканбаев, Чыныбай Турсунбеков жана Надира Нарматова демилгелеп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан