Бишкек шаарынын Свердлов жана Октябрь райондорунун аймактарында “Дени сак жаштар – дени сак улут” аталышындагы иш-чара болуп өттү

Бишкек шаарынын Свердлов жана Октябрь райондорунун аймактарында “Дени сак жаштар – дени сак улут” аталышындагы иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага Салык кызматынын, жаштар уюмунун жана милиция кызматкерлеринин өкүлдөрү катышышты. Анда спирт ичимдиктерин жана тамеки продукцияларын саткан 25 соода дүкөнү текшерүүгө алынган. Анын жыйынтыгында жашы жете электерге спирт ичимдиктерин сатуу боюнча 16 дүкөнгө протокол түзүлдү.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан