Кыргыз Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев “Шериктештиктин жылдыздары” сыйлыгына татыктуу болду

Эл аралык гуманитардык шериктештер фонду сүрөтчү Юристанбек Шыгаев “Шериктештиктин жылдыздары” сыйлыгына лауреат болду. Аталган сыйлыкты тапшыруу аземи 17-апрелде Москва мамлекеттик академиясынын Чоң театрында өтөт.         

Юристанбек Шыгаев - КРнын Эл сүрөтчүсү, Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук музейдин жетекчиси, көркөм өнөр искусствосунун профессору, Эл аралык искусство жана маданият академиясынын академиги, Казакстан жана Кыргызстан академиясынын академиги, Эл аралык чыгармачыл академиясынын мүчөсү, Пекин жана Нанкин шаарларындагы Сүрөт институтунун профессору.        

“Шериктештиктин жылдыздары” сыйлыгы илим жана билим, маданият жана искусство, гуманитардык тармактардын өнүгүшүнө дүйнөлүк деңгээлде салым кошкон жана КМШ өлкөлөрүнүн гуманитардык шериктеш болгонго түрткү болгон инсандарга акчалай сыйлык, диплом тапшырылат. 

Мурда бул сыйлыкка Кыргызстандан жазуучу жана драматург, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Султан Раев, белгилүү врач, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков, КРнын Эл артисти Ибрагим Жунусов татышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан