Бишкек шаарында үзүлүп калган троллейбус линиясынын айынан жөө жүрүүчү жабыркады

Борбор шаарда үзүлүп калган троллейбус линиясынын айынан жөө жүрүүчү жабыркады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы бүгүн, 2-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, 1-апрель күнү саат 17:20 чамасындагы 37 жаштагы айдоочу Лексус LX 570 унаасында А.Токомбаев көчөсү менен бара жатып С.Батор көчөсүнө жетпей үзүлүп калган троллейбус линиясын тебелетип кеткен. Мунун кесепетинен линия ыргып барып 72 жаштагы жөө адамга тийген. Ал бетинен, башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда унаа айып жайга токтотулуп, топтолгон маалыматтар иликтөө бөлүмүнө берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан