"Мамлекетке 1 миллион сом зыян келтирди" деп шектелген Бишкек мэриясынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Бишкектин мэриясынын кызматкерлери "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өлкөгө 1 миллион сом зыян келтирди" деген шек менен кармалды. 

Маалыматка ылайык, тергөө амалдарынын жүрүшүндө Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталды.

Мэриянын кызматкерлери мамлекеттин кызыкчылыгына карабастан, бюджетке 1 миллион сомго чукул зыян келтирген. Бул факты боюнча Бишкектин прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде КРнын Өкмөтүнүн астындагы Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү боюнча кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tynara1983
2014-04-02 12:14:55
миллион емес миллиярд болсо керек? Жашырбай еле жазышпайбы офисте иштегендер миллиндогон параны алып жатышат бул киши мээр болуп иштебедиби дагы жакшылап тергоо керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан