Сузак районунда жер көчкү коркунучунда жайгашкан 6 турак жайдын жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлүштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 2-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагындагы Маркай суусунун оң жээгинде жер көчкү жыла баштаган. Жер көчкүнүн узуну - 150 метр, туурасы - 50 метр. Кооптуу аймакта жашаган жергиликтүү тургундар башка жакка көчүрүлүп, ӨКМнын адистери тарабынан айыл башчыга эскертмелер берилди.