Бишкек шаарынын Октябрь районунда улгайган адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 2-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 1-апрель күнү саат 19:25 чамасында куткаруучулар борбор шаардын 6-кичи районунда жайгашкан №24-үйдүн 55-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Ал учурда үйдүн ичинен улгайган адамдын жансыз денеси табылган.