Жалал-Абад. Мектеп-интернаттарда өкмөттүн өкүлүнүн катышуусу менен балаты майрамы болуп өттү

Бүгүн Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектеп-интернатында балаты майрамы болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жакшылык Стамбеков кабарлады. Мектеп-интернатында тарбияланып жаткан окуучулардын балаты майрамына облустагы ыйгарым укуктуу өкүл Жусубали Торомаматов катышып, 89 миң сомдук мектепке керектелүүчү белектерди жана майрамдык тартууларды тапшырды. Андан соң Ж.Торомаматов Ноокен районундагы Жумабек Ниязов атындагы атайын көмөкчү мектеп-интернатында тарбияланып жаткан окуучулардын балаты майрамына катышып, окуунун алдынкыларына жана коомдук иштерге активдүү катышкан окуучуларга жана мектепке 65 миң сомдук белектерди тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан