“Арыш” коомдук уюмунун изилдөөсүнүн натыйжасында 2013-жылы Бишкек шаарынын 42 миң калктуу жаңы конуштарында 406 кишинин жана 436 жаш баланын кимдигин тастыктоочу документи жок экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде маалымат жыйынында аталган бирикменин жетекчиси Мааматкул Айдаралиев кабарлады.
Анын айтымында, тастыктоочу документтери жок жарандар "көрүнбөгөн" деп аталат. Себеби алардын өздөрүнүн жарандык, социалдык же экономикалык укуктарын коргоого жана расмий түрдө жумушка орношууга мүмкүнчүлүгү жок.
“Ички мигранттар каттоо маселесине да кабылышат. Алардын катталган жери жана учурда турган жери дал келбегендиги аларга тоскоолдуктарды жаратат. Мындан тышкары алар жергиликтүү шайлоолорго катыша алышпайт”,- деди Айдаралиев.