Бишкекте “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды

Бишкекте “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек ШИИББинин жана УКМК кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында 34 жаштагы А.Деркенбаев, 24 жаштагы С.Акматов, 19 жаштагы К.Кубанычбек жана 38 жаштагы Ж.Токтобаева “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү” деп шектелип кармалышкан. Алардын жашаган үйлөрүн текшерүү убагында экстремисттик маанайдагы дисктер, китептер, баракчалар табылган. Кармалгандардын бири 19 жаштагы К. уулу Кубанычбек Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин даярдоо курсунун студенти болгон. Учурда материалдар топтолуп, УКМКнын иликтөө бөлүмүнө жөнөтүлдү.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан