Ош шаарында Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жыл башынан бери жаштар арасында кант диебети жана жүрөк оорусу менен катталгандардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун орун басары Фарида Арзыкулова билдирди.
“Таң калтырганы, жүрөк оорусу менен 20-30 жаштагы жарандар катталып жатышат. Аны менен катар жаштар арасында, айрыкча кыз-келиндерде эмчек безинин шишик оорусу менен да ооругандар күч алды”- дейт ал.