№1-түзөтүү мекемесинин кызматкери абактагы адамдын аялынан пара алып жаткан жеринен кармалды

Жаза аткаруу кызматынын №1-түзөтүү мекемесинин кызмат адамы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 2-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, 5-март күнү А.К. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда №1-түзөтүү мекемесинин жетекчисинин орун басары К.Т. 40 миң сом пара талап кылганы айтылган. “Эгер акчаны алып келип бербесең, жолдошуңду №48-жатак-абагына котором” деп коркуткан.

Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган кызмат адамы 31-март күнү саат 22:00 чамасында Бишкек шаарындагы кафелердин биринде 7 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
chingizhan01
2014-04-02 18:00:22
Кыпкызыл болгон кекиртек, кыйла жерге секиртет дегендей озу торго тушуп калыптырго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан