5-апрелде Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында "Мен Кыргызстанды сүйөм-2014" жаштар фестивалы өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, аталган иш-чарага жаштар уюмдары жана чыгармачыл топтор катышат.
Фестивалдын жүрүшүндө "Артек" тобу, ырчы Омар, Адил Чекилов, тапкычтар жана шайырлар командалары, бийчи Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР", "Адэм" бий топтору өз өнөрлөрүн тартуулашы күтүлүүдө. Ошондой эле аталган иш-чаранын алкагында атайын флешмоб уюштурулуп, "Мен Кыргызстанды сүйөм!" фотосынагынын жыйынтыгы чыгарылмакчы.
"Фестивалга өлкөбүздүн ар кайсы аймактарынан келген жаштар уюмдары катышышат. Биз бири-бирибиз менен таанышып, пикир алышып, келечектеги пландарыбыз тууралуу ой бөлүшөбүз",- дейт фестивалдын уюштуруучуларынын бири Гүлзада.