Бүгүн, 2-апрелде акын жана комузчу Т.Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган көргөзмөнүн ачылыш салтанаты Ольга Мануйлованын мемориалдык үй-музейинде өткөрүлдү. Аземге акындын туугандары, студенттер, окуучулар катышты. Алар көргөзмөгө коюлган КРнын Эл сүрөтчүсү Аркадий Осташовдун “Токтогул Сатылганов сүргүндө” темасындагы графикалык эмгегин, акындын үй-бүлөлүк архивиндеги сүрөттөрдү жана отурган абалындагы эстелигин көрө алышты.
Акындын жашы 60ка таяп калган небереси Молдожан Бабажан уулу да бул көргөзмөгө келип катышты. Ал өз сөзүндө "Көргөзмөгө чоң атам Токтогулдун чыгармачылыгын, образын чагылдырган эмгектер коюлуптур. Мен ушундай залкар адамдын небереси экениме сыймыктанам" деп кубанычын жашырбады.