Гүлмира Керимова Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалды. Кыргыз киносунун тарыхында аталган студияны биринчи жолу аял киши башкарып жатат.
Кинематография департаментинин директору Мукталы Бекталиевдин билдирүүсүнө таянсак, "Кыргызфильм" киностудиясынын директору Таалайбек Кулмендеевдин отставкага кетүүсүнө байланыштуу бул орунга сынак жарыяланган эле. Сынакта Гүлмира Керимова утуп чыккан. Анын талапкерлигин комиссия мүчөлөрүнүн баары колдошкон. 31-мартта Гүлмира Керимова расмий түрдө киностудиянын жамааты менен тааныштырылган.
Белгилей кетсек, Гүлмира Керимова Москва шаарындагы Бүткүл орусиялык мамлекеттик кинематография институтунун экономикалык факультетин аяктаган. Ал кино тармагында дасыккан уюштуруучу катары таанымал. Акыркы жылдары ал Кинематография департаментинин директорунун орун басары болуп иштеген. Гүлмира Керимова Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү.