"Кыргызгаздын" жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев: "Газ өчкөндө мага 17 депутат телефон чалып, үйүндөгү көйгөйлөрүн айтышты"

Кыргызстанда газ өчүрүлгөндө мага 17 депутат телефон чалып, өз үйлөрүндөгү көйгөйлөрүн айтышты. Алардын бирөөсү дагы “эл кыйналып жатат” деген жок”. Бул пикирди 25-декабрда өкмөт жыйынында “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү газ көйгөйүнүн жаралышына катуу суукта Казакстандын түштүгүнө газдын жетпей калышы себеп болду. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев чиновниктерге кайрылып, “кышка даярдык жакшы, эч кандай көйгөй жаралбайт” деген убадалар орундалбай калды. Кышка карата даярдыгыңар кандай экенин биринчи суук көргөзүп койду” деди. Ошондой эле Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовго, Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановго сөгүш жарыялады. Жыйынтыгында өлкөдөгү энергетикалык кризис боюнча биринчи вице-премьер-министр башында турган ведомство аралык комиссия түзүлүп, газ, свет тармагындагы жагымсыз жагдайдын келип чыгышын иликтемей болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан