Жеке ишкерлер: “Эгер өлкөбүздө жеке ишкерлердин тынчын алган митинг дагы өтсө, биз антимитинг уюштурабыз”

Жеке ишкер Касым уулу Эсен “Кыргызстан нааразылык акциялардан пайда таппайт, зыяндан башка эч нерсе көрбөйт” деп бүгүн, 2-апрелде маалымат жыйынында билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаардык соода борборлорунун биринин башчысынын орун басары Марат Элебесов “Митингдерди өткөрүүгө убактылуу тыюу салуу чуу жараткан көйгөй эмес. Бул соттун чечими өлкөбүзгө туруктуулук гана алып келет” деп журналисттерге айтып берди.

Анын айтымында, тынч күндөрү ал иштеген соода борборуна бир күндө 15 миңге чукул адам келет. Ал эми 31-мартта чоң митинг болот деген маалымат тараганда келгендердин саны кескин түрдө 6,5 миңге төмөндөдү.

“Эгер өлкөбүздө жеке ишкерлердин тынчын алган митинг өтсө, биз антимитинг уюштурабыз” дешет жеке ишкерлер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
misha00
2014-04-02 14:07:31
Анти митинг деле митинг го
0
admin_superstan
2014-04-02 14:13:50
misha00, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө, мазактоого тыюу салынган.
Билдирүүңүз түзөтүлдү.
0
goodman02
2014-04-02 15:04:14
misha00, хехе туура айтасын
0
artur_kgboy
2014-04-02 15:20:08
kolunardan kelse kylgyla mityn
0
mirbakg
2014-04-02 17:24:52
Митинг,Антимитинги жок эле жашайлычы бироолор да колунан иш келбегенин мойунга алып тынчтык шайлоо жолу менен эле Кыргызстан Кыргыз элим деген адамга откоруп берсинда !!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан