7-апрелде Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрынын алдында Элдик революциянын 4 жылдыгын белгилөө аземи өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, уюштуруу иштеринен кабар алуу үчүн вице-мэр Таирбек Чойбеков түзүлгөн комиссия менен атайын отурум өткөрдү. Анда 7-апрелде каза болгон баатырларга куран окулуп, алардын жакындарына Жалал-Абад шаардык мэриясы жана шаардык кеңеш тарабынан материалдык жардамдар берилет.
Ошондой эле спорттук жана улуттук оюндар ойнолору күтүлүүдө.