Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Сүттү кайра иштетүүчү цех ачалы деп жатабыз. Сиздерден жардам болобу, мүмкүн, айыл чарбаны өнүктүүрүү үчүн долбоорлор бардыр? Мындан сырткары министрликте жаңы тракторлор барбы? Менде эски МТЗ-80 трактору бар. Ошону жаңы МТЗ-82 тракторуна үстүнө акча төлөп алмаштырсам болобу? Суроо калтырган Fatally
Жооп: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, министрлик азыркы мезгилдеги айыл чарбасындагы көйгөйлүү маселе болгон айыл чарба субъектилерин айыл чарба техникалары жана ошондой эле ар түрдүү шаймандар менен камсыз кылуу максатында 2011-жылдын 11-июлунда чыккан №382-токтому менен «Айыл Банк» ачык акционердик коомунда туруктуу иштей турган лизингдик кредит булагын ачкан.
Жогорудагы токтомдун негизинде «Айыл Банк» ачык акционердик коому ар түрдүү үлгүдөгү тракторлорду жана башка айыл чарба шаймандарды айылдык товар өндүрүүчүлөргө, алардан келип түшкөн заявкалардын негизинде лизингге, жеңилдетилген шарттарда берүүдө. Техникаларды лизингге берүү шарттары:Суроого Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Айыл чарбаны механизациялаштыруу жана энергия менен камсыздоо департаменти жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.