25-декабрда “Ата Журт” партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун үстүнөн козголгон кылмыш иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү. Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиевдин жардамчылары С.Кадырбаевге, Б.Исаевге, К.Камчыбековго жана коомдук ишмер К.Кожоналиевге да кылмыш иши козголгон. Аталган адамдарга бийликти күч менен басып алууга элди үндөө жана бийликти басып алууга аракеттенүү беренелери боюнча айып тагылууда.