5 миллион сомго жакын салык төлөбөгөн ишканага кылмыш иши козголду

Кыргызстанда “Азия Торго Экспо” ишканасы 4 831 937 сом салык төлөбөгөндүгү тууралуу айыпталууда.

Маалыматка ылайык, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “өзгөчө ири суммадагы салык төлөөдөн баш тартуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде КРнын Өкмөтүнүн астындагы Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү боюнча кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Murok
2014-04-03 04:14:25
Ммм эми не бол оор экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан