"Украина - менин таланттарым" Эл аралык сынагынын 6-сезонунда дагы бир кыргызстандык талант өз өнөрүн тартуулады. Ал - Кыргызстандын ийилчээк, "сөөксүз" кызы аталган
Чынара Мадимкулова.
Эл алдына чыккан Чынара буту менен жаа атып, бутага таамай тийгизип, калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдү таң калтырып, сынактын жарым финалына өттү. Сынактын жарым финалы 17-майда болмокчу. Бул тууралуу анын машыктыруучусу Жыпара Шамырова 30-мартта өздүк баракчасына жарыялады.
Белгилей кетсек, Чынара Мадимкулова Талас жергесинде төрөлүп-өскөн. "Баракелде" сынагында таймашып жаткан таланттарды көрүп, "Мен деле мындайды жасай алам. Мен артист болом!" деп чыгат. Ошондон кийин аны чоң атасы Бишкекке, циркке алып келет. Мына ушул жерден аны Жыпара Шамырова машыктырып, өнөрүн өркүндөтө баштаган. Учурда Бишкектеги мектептердин биринде 8-класста окуйт.