Жалал-Абадда ташталган ымыркайдын жүрөгү токтоп каза болду. Учурда кылмыш иши козголуп, наристенин апасы изделүүдө

Жалал-Абад облусунда ара төрөлүп ташталган ымыркай боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 30-март күнү саат 21:30дар чамасында Ноокен районунун Достук айылындагы турак үйлөрдүн биринин жанына ара төрөлгөн ымыркайды белгисиз бирөөлөр таштап кетишкен. Аны көргөндөр “Тез жардам” чакырышып, аймактык ооруканага алып барышкан. Бирок ага карабай 3 сааттан кийин ымыркайдын жүрөгү токтоп, аман алып калууга мүмкүн болгон эмес.

Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, ымыркайдын апасынын өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
tolkun85
2014-04-02 15:42:39
кор болотко апасы баланын убалы тийип!
+3
nurando
2014-04-02 20:39:21
Ооооооой кудай бир наристени убал кылыптыр кудай озун сакта аны тууган кыз бул жашоодо жашай албайт жатса турса козуно корунуп кыйнайт
+1
tokio1991
2014-04-03 08:13:12
таштабай эле караса болчу экен эми балалуу болушу кыйынго.
+1
Cholpontai
2014-04-03 10:57:14
Ээси жок ушундай болот экенсин озун баксан болбойбу
+1
Sonun90
2014-04-03 12:47:42
Торогондон кийин багыш керек, болбосо торобош керек. Ушундай эле болбой калса балдар уйуно откоруп бербейби, буюмдай кылып таштап салбай. Кудай оз жазасын берет го энесине
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан