“Ар бир наристеге үй-бүлө” аталышындагы коомдук фонду жүргүзгөн изилдөө долбоорунун жүрүшүндө Кыргызстандын Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында 5799 жаш баланын тек-жайы жөнүндө күбөлүгү жок экени белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде адам укугун коргоочу "Эдвокаси" борборунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган долбоор 2013-жылдын августунан 2014-жылдын мартына чейин жүргүзүлгөн. Анын максаты - жаш балдарга өздүгүн тастыктоочу документти алууга жардам берүү жана алардын интернаттык мекемелерге барбоосун шарттоо.
“Долбоордун натыйжасында 5799 документи жок жаш баланын ичинен 1131и тек-жайы жөнүндөгү күбөлүгүнө ээ болду”,- деп маалымдады "Эдвокаси" борбору.