Бишкекте мөмө бактарынын көчөттөрү 150 сомдон жогору баада сатылууда (фоторепортаж)

Жаз жөнүндө ойлогондо эле бүчүр байлаган бак-дарактар, кара жер үстүнө жаңыдан чыгып келе жаткан көк чөптүн элеси көз алдыңа келет. Жаздын жылыган күндөрү эшик, короо, көчөлөрдө бак-дарак, гүл, жалпысынан көчөт отургузмай менен коштолот эмеспи. 

Бишкекте мөмө бактарынын көчөттөрү 150 сомдон жогору баада сатылууда. Алма, өрүк, алча бактарынын көчөттөрүнүн баалары бирдей эмес. Кээ бир сатуучулар 150 сомдон сатышса, айрымдары 180 сомдон сатып жатышат. Сатуучулардын айтымына караганда, ал көчөттүн абалы жана көлөмүнө жараша болот.

Кара, кызыл карагаттын көчөтүнүн бир бутагы 100 сомдон өйдө. 

Үйгө өстүрүлүүчү гүлдөрдүн кооздугу көз жоосун алчудай. Кичинекей чакада отургузулган гортензия гүлү 250-350 сомго чейин,  фикус гүлү 250 сомдон өйдө. Эң арзан гүлдүн баасы 100 сомдон башталат экен, ал эми эң кымбаты 3 миң сом, ал үйдө өсчү чоң пальма багы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aykyz
2014-04-02 17:02:09
Помидор, балыраң, малинаны да кошуп койсонор жакшы болмок экен
+2
Kg_7777
2014-04-02 22:31:05
aykyz, балыран, эмне ал
0
Kozer
2014-04-02 17:43:59
Буйурса бизда тигебиз кочуп барсак ИНШААЛАХ аамиин.
+1
Sonun90
2014-04-03 13:08:52
Ии аябай адамды суктантат го. Менин да ошондой гулдорум болсо уйумдо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан