30-31-мартта Баткен облусунун алыс аймактарында 4 жаңы фельдшердик-акушердик пункттун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ФАПтар Сары-Талаа, Кайыңды, Учкун жана Достук айылдарында ачылды. Иш-чарага аталган министрликтин мүчөлөрү, Баткен облустук жана райондук үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчилери жана жергиликтүү бийликтердин өкүлдөрү катышты.
ФАПтардын имараттары заманбап энергия сактоочу жана арзан баадагы технологиялар менен курулган. Алар муздак жана ысык суу менен камсыздалган.