Эртең, 3-апрелде Чүйдүн айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электрдин” басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ала-Тоо (Көк-Кыя көчөсү), Ак-Өргөө (От-Араба, Молдо Нияз, Кожожаш, Саадак, Жетиген, Камбаркан, Боз-Салкын көчөлөрү), Алтын-Ордо (1-4-көчөлөрү), Кара-Жыгач (Кара-Жыгач, Кожояр, Кум-Төр, Каркыра көчөлөрү) конуштарында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт.
“Аталган аймактарда “акылдуу” эсептегичтердин орнотулушу - электр жарыгынын убактылуу өчүрүлүшүнүн себеби” деп түшүндүрдү “Түндүк электр” ишканасынан.