Сокулук районунда мал уурулук фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, Конуш айылынын тургуну, 55 жаштагы А.А. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анда короосунан белгисиз адам 3 коюн уурдап кеткенин айткан. Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектелип 24 жаштагы А.Э. кармалган.
Учурда “мал уурулук” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.