Кыргызстандын "Манас" Эл аралык аэропортунда дьюти-фри соода түйүнү ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде
SUPER.KG порталына аталган мекеменин аткаруучу жетекчиси
Илим Карыпбеков билдирди.
Анын айтымында, жакынкы арада "Манас-2" терминалында жана Ош шаарындагы аэропортто бул сыяктуу соода түйүндөрүнүн ачылышы пландалууда. Бул "Манас" аэропортунун башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан инвестициялык долбоорлордун бири болуп саналат.
Белгилей кетсек, "дьюти-фри" англис тилинен "салыгы жок сатуу" деп которулат. Кененирээк айтканда, дьюти-фри - мамлекеттик чек аралардагы көзөмөл-өткөрүүчү жайларда (бекет, аэропорт, деңиз-порт) жайгашкан соода түйүндөрү. Бул жакта сатылуучу буюмдарга салык салынбагандыктан, алардын баасы арзан болот. Дьюти-фрилерде сатылуучу буюмдарга көп учурда спирт ичимдиктери, тамеки, кол сааттар, уюлдук телефондор, зер буюмдар кирет.