Кытайлыктар таза абаны атайын бөтөлкөлөргө толтуруп сатышууда

Кытайдын Гуйчжоу провинциясында таза аба толтурулган бөтөлкөлөр сувенир катары сатылууда. Мындай акция аталган аймакка туристтерди тартуу максатында уюштурулган. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бөтөлкөдөгү абалар Лэйгун жана Фаньзин тоолорунан толтурулган. Туристтик бюронун башчысы Фу Инчундун учурда бул товарга суроо-талап жогору болуп жаткандыгы жана жакынкы күндөрдө экспорттоо тууралуу да оюнда бар экенин айткан.
Белгилей кетсек, былтыр мындай таза абаны кытайлык Чэнь Гуанбяо аттуу ишкер саткан. Ал 10 күндүн ичинде таза аба толтурулган миллион бөтөлкө сатканын айткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
sumaya90
2014-04-02 17:51:37
шумдукго
+3
bomba
2014-04-02 17:57:13
Андайга жинди же акчасын эмне кылаарын билбегендер эле сарпташпаса
+2
Bazul
2014-04-02 18:04:40
Эмне кыларын билбеген жиндилер жасайт да муну анан акчасын каякка короторун билгенге жиндилер алат да нормальный адам мындай кылбайт
0
tokio1991
2014-04-03 08:06:53
эми сатбаган ошол эле калды.
+1
nurmatova.akmaral
2014-04-03 08:23:56
Шумдугун куур кытайлыктар кайда баратат ыя ошол ботолкону сатып алганча Кыргызыстандын соонун тоолоруна эле келишпейби бирканчасын оздору толтуруп эсалып кетишмек
0
Aitowka2013
2014-04-03 08:40:35
оой сиздер айтканыныздар менен ал жакта баардыгы химикат кислота чынчынында таза аба эмес ошол себебтен тынчыбаган кытайлар аны да ойлоп чыгышкан да
+1
kyrgyzstan_93
2014-04-03 10:09:38
ээх кытай ,за то акча табыштын дагы бир жолу!!!
0
Sharipa-asia
2014-04-03 20:43:29
Балээ кытыйлар, мына дагы бизнестин бир жолу
+1
chinaltyn
2014-04-03 23:04:10
оо аллам......эмне заман келе жатат
-1
Gerachka
2014-04-15 17:34:53
Биз таза абанын,таза суунун баркын билбей жатабыз.
0
kerakg
2015-01-19 09:47:00
ким билет ботолко эмес, балончик кислород сыгылып толтурулган чышаар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан