Парламенттин бүгүнкү, 26-декабрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаровду депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу менен жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча КРнын Башкы прокурору Аида Салянованын сунуштамасын кароо боюнча атайын депутаттык комиссиянын корутундусу тууралуу маалымат угулат. Аталган депутаттык комиссиянын төрагасы Нурбек Мурашев баяндама жасап, депутаттарга маалымат берет.