Башкы прокуратура соттун "Ала-Тоо" аянтында митинг өткөрүүгө убактылуу тыюу салуу чечимин жокко чыгаруу үчүн жогорку инстанциядагы сотко кайрылды

КРнын Башкы прокуратурасы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2014-жылдын 29-мартындагы Биринчи Май райондук администрациясынын арызынын негизинде чыгарылган чечими боюнча даттанды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 2-апрелде билдирди.

Муну менен Башкы прокуратура Биринчи Май райондук сотунун митинг өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү чечимин жокко чыгаруу боюнча жогорку инстанциядагы сотко кайрылды.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук администрациясы митинг өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү тууралуу райондук сотко кайрылган. Муну райондук сот оң тарапка чечип берген болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан