Чилиде катталган зилзаладан аялдар абагы урап, андан 300 кылмышкер качып кетти

1-апрелде түнкүсүн Чилиде катталган 8,2 баллдык зилзала 5 адамдын өмүрүн алып кетти. Эки адам инфаркттан каза тапса, 3 адамды урандылар басып калган. Жер силкинүүнүн кесепетинен үйлөр, имараттар урап, өрт чыгып, электр жарыгы үзгүлтүккө учураган. Ошондой эле аялдар абагынын имараты урап, андан 300 кылмышкер качып кетүүгө үлгүргөн. Учурда алардын 16сы кармалганы айтылууда.
Чет элдик маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, зилзаланын очогу Тынч океанда, Икеке шаарынан 83 чакырым алыстыкта катталган. Жергиликтүү бийлик цунами болушу мүмкүн деген коркунуч менен шаар тургундары эвакуациялашкан. Айткандай эле кырсыктан 45 мүнөт өтпөй бийиктиги 2 метр 11 сантиметрге жеткен цунами болгон.
Белгилей кетсек, Чили дүйнөдөгү эң активдүү сейсмикалык аймакка кирет.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurando
2014-04-02 20:16:02
Кудай сакта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан