Үстүбүздөгү жылдын 27-март күнү Сокулук РИИБинин кызматкерлерине Төмөнкү Шорго айылынын 47 жаштагы тургуну Р.Сталбек кайрылган. Ал 24-март күнү белгисиз адамдар короосундагы эки музоосун уурдап кетишкенин айткан.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “мал уурулук” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүнү издөө иштери башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектелип Кызыл-Туу айылынын 23 жаштагы Н.А. аттуу тургуну кармалган.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-апрелде билдирди.