"Программаларды баалоо" Эл аралык тармагы балдардын оюнчугундагы ууландыруучу заттарды текшерди. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда КРнын өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Текшерилген 569 оюнчук Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Украина өлкөлөрүнүн базарларынан алынган. Оюнчуктардын курамында сурьма, коргошун, мышьяк жана башка металлдар бар экени атайын текшерүүдө аныкталган. Изилдөөнүн жыйынтыгында оюнчуктар балдардын ден соолугуна зыян экендиги айтылды.