Оштогу “Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасындагы коррупциялык схемалар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 3-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, аталган ишкананын жооптуу кызмат адамдары бааларды жогору кылып көрсөтүү, сыйлык алуу жолдору менен финансылык каражаттарга ээлик кылышкан. Мунун кесепетинен ишкана 1,1 миллион сомдун тегерегинде зыян тарткан.
Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.