Бишкек шаарында өрт кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, 2-апрель күнү саат 23:00 чамасында өрт кырсыгы катталган. Анда 2 кабаттуу көп батирлүү турак үйдүн 300 чарчы метр чатыры жана 4 батир толугу менен өрттөнүп кеткен. Мунун кесепетинен 3-батирде жашаган кызы менен апасы түтүнгө ууланып каза болушту. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.