КР Айыл чарба жана мелиорация министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Айдаралиев кечээ, 2-апрелде япониялык жана германиялык инвесторлор менен жолугушуп, кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Аталган жолугушууда Кыргызстан июнь айында Японияда өтүүчү инвестициялык форумга кызыкдар экенин билдирди.
“Биздин ишмерлер аталган форумга катышса жакшы болмок. Алар өз презентацияларын көргөзүп жана кызматташууга болгон аракеттерин көрсөтө алышмак. Эгерде чакыруу келсе, кыргызстандык ишмерлер өз каражатына барып келишмек”,- деди Айдаралиев.
Германиялык демөөрчүлөр менен болгон жолугушууда эки тарап Кыргызстандын продукциясын Европага экспорттоо туурасында кеп козголду. Бул шарт Кыргызстанга кошумча инвестицияларды алып келмек.
Маалыматка таянсак, кыргызстандык ишмерлер Европада өтүүчү жарманкелерге дайыма катышып туруусу зарыл. Анткени алар шериктештерди табуу менен бирге өлкөгө инновациялык технологияларды алып келүүгө мүмкүнчүлүк ала алышмак.