Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн 7 мекеменин курулушуна 10 миллион сом пландалды

Кыргызстандагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн 7 мекеменин курулушу пландалган. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде КРнын Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мекемелердин курулушу Чүй облусунун Москва районунда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Талас облусунун Манас районунда, Ош облусунун Кара-Суу районунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Нарын жана Кызыл-Кыя шаарларында пландалган. Социалдык долбоорлордун бюджети 9 530 308 сомго барабар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан