Марат Назарбеков "Кыргызпатенттин" жетекчиси болуп дайындалды
Марат Назарбеков КРнын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 13-декабрда кол койду. Белгилей кетсек, Марат Назарбеков буга чейин деле аталган кызматтын жетекчиси болуп иштеп келген.