Искусство институтунун хореография факультетинин деканы, ырчы
Асел Турдалиева эми продюсер катары да алектенмей болду. Учурда ал
Жазмир KG аттуу сулууну тарбиялап, жок дегенде эле өзүндөй ырчы кылууну көздөп жүргөн кези.
“Жазмир KG - анын псевдоними. Бул кыз 1-курска келгенде эле андан бирдеме чыгарын сезгем. Жакында Чолпон-Ата шаарында тушоо кесүү концертин берип келдик. Эл абдан жакшы кабыл алды. Элдин батасын алалы, андан соң эл аралык сынактарга катышып, дүйнөлүк деңгээлге чыгууга далалат кылабыз.
Кызым Бегайым быйыл 10-классты аяктайт. Ал болсо "мени чыгарбайт белеңиз" деп таарынып жатат. Анын элчи болсом деген максаты бар. "Андан көрө окууга даярдан" деп болбой койдум”,- дейт ырчы айым.