Жыл башынан бери Ош шаарынын тургундарынын жаратылыш газына болгон карызы 10 миллиондон 14 миллион сомго чейин жетти. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Ош газ чарба башкармалыгынын башчысы Маматкалык Аматов билдирди.
“Кыш мезгилинде “Кыргызгаз” тараптан эч кандай кемчилик кеткен жок. Өзбекстан тараптан газдын басымы толук көтөрүлбөй, биздин жарандарга газ аз берилип жатты. Ал эми кыш мезгилинде шаар тургундарынын газга болгон карызы көбөйүп кетет. Учурда 10 миллиондон 14 миллион сомго жетип калды”,- дейт ал.