Кыргызстандык 4 ырчы: Айбек Бакытбеков, Гүлжигит Калыков, Жээнбек уулу Сталбек жана Бек Исраилов 21-23-апрелде Баку шаарында өтүүчү "Патриоттук ырлар" Эл аралык сынагына катышышат. Бул тууралуу алардын куратору Өмүрбек Андарбеков бүгүн, 3-апрелде SUPER.KG порталына билдирди.
"Азербайжандын Жаштар министрлиги уюштуруп жаткан бул сынакка 20 өлкөнүн таланттары катышат экен. Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тарабынан Айбек Бакытбеков, Гүлжигит Калыков, Жээнбек уулу Сталбек жана Бек Исраилов тандалып алынды. Алар сынакта квартет катары композитор Муратбек Бегалиевдин "Кыргызстан" аттуу ырын ырдашат",- деп кошумчалады Өмүрбек Андарбеков.