6-апрелден 25-апрелге чейин Кыргызстандын таланттуу студенттери Бириккен Араб Эмираттарынын Шаржа шаарында өтүүчү Тарыхый мурас фестивалына алгачкы жолу катышышат. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелдеги маалымат жыйынында Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш университетинин ректору Алмаз Ибраев кабарлады.
Анын айтымында, кыргыз делегациясы 22 адамдан турат. Анын ичинде 5 окутуучу, 17 студент бар. Жолго кеткен чыгымдарды иш-чаранын уюштуруучулары өз моюнуна алышмакчы.
“Фестивалда улуттук ыр, бий, тамак-аш жасоо тармактары боюнча сынактар өтөт. Жалпысынан ага 22 өлкөнүн өкүлдөрү катышат”,- деди ректор Ибраев.