Жашы жете электерге зомбулук көрсөткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон РИИБинин милиционерлери 11 жылга эркинен ажыратылышты. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.
Белгилүү болгондой, Ноокен райондук соту Асанбай уулу Нурбек менен Эрмеков Шекербекке карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөөнү аяктаган. Алар Базар-Коргон РИИБинин аймактык тескөөчүсү болуп иштеп жатканда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жашы жете электерге зомбулук көрсөтүшкөнү аныкталган. 31-марттагы соттук отурумда айыпталуучулар КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (кыйноо) боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жылга эркинен ажыратылышты.