Ысык-Көлдөгү профсоюздар оппозициячылардын бийликке умтулуп, элди кабатырланткан иштерге барып жатышканына нааразы

“Оппозициядагылардын элибиз үчүн, мамлекет үчүн эмес, өздөрүнүн кызыкчылыктары, бийлик үчүн калайыкты кабатырланткан иштерге барып жатышканына биз нааразыбыз. Эл ынтымагын бузбай, эртеңки Кыргызстандын келечегин ойлонушсун”,- деп Ысык-Көл облустук профсоюздардын кеңешмесинде айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде аталган облустагы КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган чогулушка Ысык-Көл облустук кеңеш, облустук, райондук, шаардык комитеттери жана бардык профсоюздардын мүчөлөрү катышышты. Алар саясий пикир келишпестиктерди бардык тараптардын токтоосуз сүйлөшүүсү аркылуу, тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырышты.

“Биримдик кеткен жерге, ынтымак качкан элге кут түшпөйт. Ошондуктан ынтымактуу, биримдиктүү болуу менен элибиздин эртеңкисин ойлойлу” деген ойлорун айтып, Ысык-Көл облусунун элине жана жалпы кыргыз элине кайрылуу жасашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан