Бишкек-Ош унаа жолу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлиги билдирди. Кечээ, 25-декабрда Бишкек-Ош жолунун 230-чакырымында кар көчкү түшүп, жолду жабып калган. Атайын техника менен жол тазаланган соң, 26-декабрь күнү унаа жол түндө ишке берилди. ӨКМнын маалыматына ылайык, жабыркагандар жана каза болгондор жок.