Кыргызстан боюнча каттоодо турган кант диабети менен жабыркаган адамдардын расмий саны 40 миңден ашык. Бул тууралуу КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Нургүл Ибраева билдирди.
“Кант диабети - оор илдет. Бул оору менен жабыркаганын көпчүлүк билбей жүрө берет, өзгөчө айыл жергесинде жашаган тургундар”,- дейт Нургүл Ибраева.
Эске салсак, 2006-жылы Кыргызстанда кант диабети менен жабыркагандардын укугун коргоо, оорулуулардын ден соолугун сактоого жана чыңдоого карата чара көрүү туурасында мыйзам кабыл алынган.
“Жылдын башында бул илдет менен жабыркагандарга 145 миллион сомго инсулин алынышы керек болчу. Бирок каражаттын жетишпестигине байланыштуу бүгүнкү күндө 96 миллион сом бөлүнүп, ага инсулин алынды. Ал эми инсулиндин запасы азайган сайын жаңыдан толукталып турат. Ошондой эле бейтаптардын канындагы канттын деңгээлин төмөндөтүүчү дары-дармектер да алынат”,- деп кошумчалады башкы адис.