Кыргызстанда бир жарым жыл аралыгында бала бакчалардын санын 1000ге жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде ЖКнын жалпы жыйынында билим берүү жана илим министри Канат Садыков маалымдады.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө бала бакчага барып жаткан балдардын жалпы саны 15 пайызды гана түзөт. Бир жарым жыл аралыгында министрлик алардын пайыздык көрсөткүчүн 20 пайызга жеткирүүнү пландоодо.
"Учурда өлкөдө 819 бала бакча иштеп келет. Биз алардын санын 1000ге жеткирүүнү пландап жатабыз",- деди К.Садыков.