Ысык-Көл. Караколдо ыйгарым укуктуу өкүлдүн балаты майрамы өтөт

Бүгүн, 26-декабрда Каракол шаарынын К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында облус аймагындагы Өкмөттүн ыйгарым укутуу өкүлүнүн жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлөт. Ага окууда, спорт тармагында ийгиликтерге жетишкен мектеп окуучулары, ата-энеден ажыраган жана социалдык жактан аз камсыз болгон 128  өспүрүм балдар катышат. Бул тууралуу Ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы Алтынбек Давлетов билдирди. Маалыматка ылайык балаты кечесинде атайын концерттик программалар уюштурулуп, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн атынан өспүрүм балдарга мыкты белек, жаңы-жылдык таттуулар тапшырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан